Кыргызстандын бокс боюнча улуттук курама командасы эл аралык лицензиялык мелдешке катышат. Бул тууралуу бүгүн, 21-майда Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.
Маалымдалгандай, Олимпиадага жолдомо бере турган акыркы турнир Бангкок шаарында (Таиланд) 23-майда башталат.
Анда эркектер арасында жалпы 28 лицензия ойнотулуп, кыргызстандын атынан 6 мушкер күч сынашат.
Курама команданын тизмеси:
- 51 килограмм - Анвар Ходжаев;
- 57 килограмм - Мунарбек Сейитбек уулу;
- 63,5 килограмм - Асхат Култаев;
- 71 килограмм- Нурадин Рустамбек уулу;
- 80 килограмм - Өмүрбек Бекжигит уулу;
- 92 килограмм - Эркин Адыл уулу;
- Башкы машыктыруучу - Төлөгөн Данияр уулу;
- Улук машыктыруучу - Улан Сагынбаев;
- Машыктыруучу - Беганас Султанбаев.