Аламүдүн районунда турак жайдан өрт чыкты 

Бүгүн, 22-майда Аламүдүн районунун Ленин айылындагы Алма-Ата көчөсүндөгү жеке турак жайдан өрт чыкты. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Маалымдалгандай, тилсиз жоону өчүрүүгө Аламүдүн райондук ӨКБдан 1 күжүрмөн эсеп тартылды.

Ага ылайык, өрт саат 07:17де чектөөгө алынып, саат 08:11 чамасында толук өчүрүлдү.

"Кырсыктын кесепетинен турак жай менен жанаша жайгашкан сарайдын 160 чарчы метр аянты күйгөн.

Жабыркагандар жок. Учурда кырсыктын себептери жана материалдык чыгымдары такталууда",-деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан