Каракол шаарында жол кырсыгынан бир аял каза болду. Бул тууралуу маалыматты бүгүн, 22-майда Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан тастыкташты.
Маалыматка ылайык, 19-майда саат 21:40 чамасында Карасаев жана Жамансариев көчөлөрүнүн кесилишинде Мазда Трибут жана Фольксваген Пассат автоунаалары сүзүшкөн. Натыйжада аял киши каза болуп, 5 жаран облустук ооруканага кайрылышкан.
Ага ылайык, орун алган окуя Каракол ШИИБинин электрондук журналына катталып, тергөө кызматы тарабынан тиешелүү териштирүү иштери жүргүзүлүүдө.