Баңгизатын сатуу менен алектенген чет элдик жарандар кармалды. Бул тууралуу УКМК билдирди.
УКМКнын маалыматына ылайык, баңгизат сатууга шектелген Египеттин 5 жараны кармалган. Ыкчам издөө иш-чараларынын жүрүшүндө чет өлкөлүк жарандар социалдык тармактар (Telegram мессенджери) аркылуу гашиш баңгизатын системалуу түрдө сатып алуу менен алектенип жүргөндүгү аныкталган.
"Бишкек шаарынын бардык райондору боюнча топтун администратору тарабынан берилген даректердин негизинде заклад чогултулуп, тиешелүү дозалар менен чет өлкөлүк студенттерге сатылган. Тергөө иштеринин жыйынтыгы боюнча баңгизаттарды сатуу каналынын негизги уюштуруучусу, Египеттин жараны Ш.А.Х. Биринчи май райондук сотунун токтому менен Бишкек шаарынын №1 тергөө абагына 2 айга камакка алынды.
Учурда бул мыйзамсыз ишке тиешеси бар башка адамдарды аныктоо жана интернеттеги социалдык тармактар аркылуу жаштар арасында баңгизаттарды жайылтууну токтотуу боюнча ыкчам тергөө иш-чаралары улантылууда", - деп билдиришти УКМКдан.