Сузакта баңгизат жана мыйзамсыз курал сактап жүргөн жаран кармалды 

Сузак районунда мыйзамсыз курал жана баңгизатын колдонуп, сактап жүргөн жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 22-майда Жалал-Абад облустук милициясынан билдирди.

Маалымдалгандай, милицияга райондун аймагында 1983-жылы туулган М.Т. аттуу жаран мыйзамсыз баңгизаттарын өзү колдонуп, сактап жүргөндүгү, ошондой эле мыйзамсыз ок атуучу куралы бар экендиги кабарланган.

“Кармалган жаранга тийиштүү контейнерге тинтүү жүргүзгөн учурда 1 даана ТОЗ-8 үлгүсүндөгү сайлуү ок атуучу курал, 1 даана М38 Compact 9мм револьвер, 1 даана белгисиз маркадагы тапанча жана 1 даана жел менен атылуучу (тир) курал, фольгага оролгон жашыл түстөгү өзгөчө кескин жыты бар зат жана 3 даана баңгизат чегүү үчүн колдонулган желим идиштер алынган. Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат”, - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан