"20 миллион сом алган". Бишкекте алдамчылыкка шектелген аялдар кармалды

Бишкекте алдамчылыкка шектелген жарандар кармалды. Бул тууралуу Октябрь РИИБинен билдирди.

Маалыматка ылайык, 16-мартта милицияга И.С. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Арыз ээсинин айтымында, М.Ш аттуу жаран 2021-жылдан 2024-жылга чейинки убакытта жабырлануучунун ишеничине кирип, ал мамлекеттик сатып алуулар боюнча тендер өткөрүү аркылуу каражатыңды көбөйтүп берем деген убадасы менен 20 миллион сом алган. Бирок убадасына турган эмес.

Аталган факты Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесине (Алдамчылык) ылайык кылмыш иши козголгон.

Шектүү катары 1985-жылы туулган М.Ш. жана 1979-жылы туулган М.А. аттуу жарандар кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Учурда алардын ушул сыяктуу кылмыштарды жасоого катыштыгы бар экендиги аныкталууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан