Грузиянын экс-президенти өлкө эгемендүүлүгүн толук жоготууга аз эле калганын айтып чыкты

Грузия эгемендигинен толук ажырап, мамлекеттүүлүктүн жоюлушуна мурдагыдан да жакын. Бул тууралуу өлкөнүн экс-президенти Михаил Саакашвили билдиргенин "Грузия-Онлайн" басылмасы жазды.

"Учурда бизге эң керектүү нерсе – бул биримдик. Өлкөдөгү партиялардын кайрадан чыккан пикир келишпестиктерин көрүп үмүтүм үзүлүүдө. Достор, азыр партиялар ортосундагы пикир келишпестиктерге убакыт барбы? Биз өлкөнү жоготуп жатабыз, Грузия жоголуп баратат, Грузия мындан ары дүйнөлүк картада болбой калат. Ошол учурда силердин программаларыңарды ким эстейт?" - деген Саакашвили сот процессине онлайн катышып жатып.

Ал кайрылуусунда партияларды биримдикке чакырды.

"Мен биримдикке чакырам. Биз бардык жеңилдиктерге барууга даярбыз: нейтралдуу номер, жалпы тизме. Биз баарыбыз Грузиянын үнү бүткүл дүйнөгө угулушуна ынанышыбыз керек, анткени дүйнө Грузияга суктануу менен карайт. Биз канчалык активдүү болсок, ошончолук көп колдоо алабыз", - деген Саакашвили.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан