Чүйдө 52 миң сомдук товарды айтылган дарекке жеткирбеген айдоочу кармалды

Чүйдө алдамчылыкка шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу облустук милиция билдирди.

Маалыматка ылайык, 19-майда милицияга Москва районунун тургуну арыз менен кайрылган. Арыз ээсинин айтымында, ал Honda Fit үлгүсүндөгү унаанын айдоочусуна баасы 52 миң сом болгон косметикалык каражаттарды жеткирүүнү тапшырган. Бирок товар айтылган дарекке жеткен эмес.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесине (Алдамчылык) ылайык кылмыш иши козгологон.

Шектүү катары 1999-жылы туулган Б.Р. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Учурда тергөө иштери уланууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан