Таласта 27 жаштагы келин эки баласы менен киши колдуу каза болду

Талас облусунун Айтматов районунда үрөй учурган үч адамды өлтүрүү фактысы катталды. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги бүгүн, 24-майда маалымат таратты.

Ага ылайык, 24-майда саат 00:37 чамасында 102 кызматына Айтматов районунун Ак-Башат айылында адам өлтүрүлдү деген маалымат түшкөн.

Окуя болгон жерди кароодо 1997-жылы туулган М.Ж. жана анын төрт жаштагы кызынын, эки жарым жаштагы баласынын күч колдонуп өлтүрүлгөн жансыз денелери табылган.

Бул окуя Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси (Адам өлтүрүү) менен катталып, кылмыш иши козголгон. Үйүнөн сайсыз ок атуучу курал жана балта далил катары алынган.

"Ыкчам тергөө аракеттери учурунда жогорудагы окуяга шектүү катары, буга чейин соттолгон, Талас облусунун Айтматов районунун Ак-Башат айылынын тургуну 1976-жылы туулган К.Н.ны издеп табуу багытында ички иштер органдарына багыттамалар жиберилип, өлкө аймагынан чыгып кетпөө максатында чектөө коюлду.

Кылмыш иши боюнча соттук-медициналык, соттук-биологиялык, соттук-баллистикалык жана соттук-криминалистикалык экспертизалар дайындалды", - деп жазылат маалыматта.

Учурда шектүүнү издеп табуу багытында ыкчам-тергөө аракеттери жүргүзүлүүдө.

Кошумча маалымат берилет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан