Казакстандын Айтибий районунун Угайсын айылынын жанында кыргыз жарандарынын катышуусунда жол кырсыгы болуп, бир адам каза болду. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, 22-майда Самара-Шымкент унаа жолунун 1013-чакырымында катталган жол кырсыгында 1997-жылы туулган У.И.У. аттуу кыргыз жараны каза болгон. Ошондой эле унаадагы эки кыргызстандык 1997-жылы туулган У.У. уулу жана Ш.Э.Б. ооруканага жаткырылган.
"Алардын биринин абалы оор, экинчиси денесинен жеңил жаракат алган. Жабыр тарткандардын туугандарына бул окуя боюнча кабар берилди", - деп айтылат маалыматта.