Кечээ, 23-майда CAFA U-15 Women’s Championship эл аралык турниринин экинчи турунун алкагында Кыргызстандын U-15 кыз-келиндер курамасы Дүйшөмбүнүн "Борбордук" стадионунда Тажикстанга каршы кез келди. Бул тууралуу Кыргыз футбол уюмунан билдиришти.
Маалымдалгандай, бул эл аралык мелдешке биздин курамадан сырткары Тажикстан, Өзбекстан жана Иран командалары катышууда.
Ага ылайык, беттештин биринчи бөлүгү 1:1 эсеп санында тең чыгуу менен аяктаганга карабастан, оюндун экинчи бөлүгүнүн аягында кыргызстандык оюнчулар алдыга чыгып, беттеш 3:1 эсеби менен Кыргыз курамасынын пайдасына аяктады.
"Голдорду Анеля Асанбекова (26'), Сумая Махаматсалиева (74'), Элес Бакыт кызы (80') киргизишти", - деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетсек, Кыргызстандын курамасы турнирдеги акыркы беттешин 25-майда Өзбекстанга каршы өткөрөт.