Чүйдө оозун нашатырь спиртине күйгүзүп алган мектеп окуучусу ооруканага түштү

Кечээ, 23-майда Аламүдүн районунун Октябрь айылындагы Байтик Канай уулу атындагы орто мектептин 11-классынын окуучусу оозу күйгөн абалда Шаардык саламаттыкты сактоо башкармалыгынын №4 ооруканасына түшкөн. Бул маалыматты SUPER.KG порталына Чүй облусунун ички иштер башкармалыгынан тастыкташты.

Маалымдалгандай, окуучу кыз дене тарбия сабагында чуркап жүрүп эсин жоготкон. Мугалим биринчи жардам көрсөтүү максатында нашатырь спиртин жыттатып жаткан учурда кокустан оозуна куюлуп кеткен.

“Учурда Аламүдүн районунун ички иштер башкармалыгы тарабынан керектүү иликтөө иштери жүрүп жатат. Окуяга катыштыгы бар жарандар милиция бөлүмүнө жеткирилген”, - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан