Ысык-Көлдө мыйзамсыз балык кармаган 6 жаран кармалы

Ысык-Көлдө мыйзамсыз балык кармоого тиешеси бар 6 жаран кармалды. Бул тууралуу олбустук милиция билдирди.

Маалыматка ылайык, туристтик-экологиялык милиция кызматкерлери тарабынан Ысык-Көл, Жети-Өгүз жана Тоң райондорунун аймагында рейд жүргүзүлгөн.

"Текшерүүнүн жүрүшүндө далил буюм катары бардыгы болуп 318 даана чебак, 5 даана судак, 2 даана желим кайык жана синтетикалык браконьердик торлор алынган", - деп айтылат маалыматта.

Учурда аталган фактылар милициянын электрондук маалымат журналдарына катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери жүрүп жарат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан