Өзгөндө унаасы менен 63 жаштагы жаранды сүзүп алып качып кеткен шектүү кармалды

Өзгөн районунда 63 жаштагы жаранды унаасы менен сүзүп кеткенге шектелип, 43 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу Ош облустук Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы билдирди.

Маалыматка ылайык, кечээ, 23-майда саат 04:50 чамасында Ана-Кызыл айылында 1961-жылы туулган тургунду унаа сүзүп, ал жерден айдоочусу качып кеткен. Анын кесепетинен жабырлануучу жаракат алып, Өзгөн райондук ооруканасына жаткырылган.

"Издөө иштеринин жүрүшүндө шектүү катары 1981-жылы туулган Н.А. аттуу жаран кармалып, унаасы айып короого токтотулду", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан