Таласта тургундарды ири суммага алдап кеткен жаран Кара-Суудан кармалды

Манас районунда жабырлануучуларды ири өлчөмдө чыгымга учураткан жаран кармалды. Бул тууралуу Талас ОИИБден билдиришти.

Маалымдалгандай, Манас райондук милициясына 3 жаран арыз менен кайрылган. Алардын бири А. аттуу жаран ишеничине кирип, ушул жылы 28-январда 22 баш бодо малын жалпы 1,2 миллион сомго карызга баалап алып, бүгүнкү күнгө чейин карызын бербей жүргөн.

Экинчи жаран дагы А. аттуу адам 65 баш козусун ар бирин 13 миң сомдон баалап, жалпы 845 миң сомго алып, качып жүргөн жаранга чара көрүүнү өтүнгөн.

Ал эми үчүнчү жаран үстүбүздөгү жылдын январь айында жогоруда аталган жаран чала таанышы Айтматов районундагы мал базардан 18 баш коюн жалпы 261 миң сомго баалап, ошол жерден 161 миң сом акчасын берип, калган 100 миң сомун ушул күнгө чейин бербей качып жүргөнүн билдирген.

Ага ылайык, арыз ээлери жалпы 2 миллион 145 миң сомдук материалдык чыгымга учурушкан.

Аталган фактылар Кылмыш-жаза кодексинин "Алдамчылык" беренеси менен катталып, кылмыш иши козголгон.

"Милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам иликтөө иштеринин натыйжасында кылмыш ишине шектүү катары Ош шаарынын тургуну 1987-жылы туулган А.А. аттуу жаран Кара-Суу районунан кармалып, Айтматов райондук милициясынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Тергөө амалдарынын жүрүшүндө А.А. Талас облусунун аймагынан мал сатып алып, өлкө аймагындагы башка мал базарларга алып барып сатып жүргөндүгү такталган", - деп айтылат маалыматта.

Учурда тергөө амалдары жүрүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан