Президент Садыр Жапаров Бишкекте өтүп жаткан "Мурас" салттуу мелдешине катышууда (сүрөт)

Бишкекте 25-майда башталган футбол боюнча "Мурас" салттуу достук мелдеши өлкө башчы Садыр Жапаровдун катышуусунда өтүүдө. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан билдиришти.

Маалымдалгандай, бүгүн, 26-майда "Президенттин командасы" курамы 1/4 финалда "Билим" командасын утуп алды.

Эске сала кетсек, мамлекет башчысы министрлерден, маморгандардын жана администрациянын түзүмдүк бөлүктөрүнүн жетекчилеринен турган "Президенттин командасынын" курамында ойнойт.

Бишкекте 25-26-майда салтка айланган "Мурас" достук мелдеши өтүүдө, ага ар кыл тармактардан топтолгон 16 команда катышып жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан