Түркияда жол кырсыгынан 11 адам каза болду 

Түркияда автобус кырсыкка учурап, 11 адам каза болду. Бул тууралуу Halk TV телеканалы билдирди.

Жол кырсыгы Түркиянын Мерсин шаарында болгон. Анда Star Diyarbakır жүргүнчү ташуучу автобусу каршы тилкеге ​​чыгып кетип, эки жеңил унаа жана жүк ташуучу унаа менен кагылышкан. Мерсиндин губернатору Али Хамза Пехливандын айтымында, ТАГ шоссесинде болгон кырсыктан 11 адам каза болуп, 30у жарадар болгон.

Окуя болгон жерде "Тез жардам" кызматы иштеп жатат. Белгилүү болгондой, автобус Диярбакыр шаарын көздөй бара жаткан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан