Чоң-Кеминде дарыяга кулаган Audi: Милиция билдирүү жасады

Буга чейин социалдык тармактарда Чоң-Кеминдеги дарыяга унаа кулап кеткендеги видео тараган. Бул боюнча Чүй облустук ички иштер башкармалыгы үн катты.

Милициянын маалыматына ылайык, 23-май күнү саат 20:04тө Кемин РИИБинин нөөмөт бөлүмүнө белгисиз унаа Чоң-Кемин дарыясына оодарылып кеткендиги тууралуу билдирүү түшкөн. Бул факт Кемин райондук ички иштер бөлүмүнө катталып, териштирүү иштери башталды.

Окуя болгон жерге ыкчам тергөө тобу барганда төмөнкүлөр аныкталган: Ауди-С4 үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулду башкара албай, оодарылып кетип, натыйжада унаа Чоң-Кемин дарыясына кулаган. Окуя болгон жерден Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери менен биргеликте аталган унаа чыгарылган, унаанын ичинде эч ким болгон эмес.

Алдын ала жүргүзүлгөн текшерүүнүн жүрүшүндө унаанын ээси С.К. аттуу 1989-жылы туулган жаран экени аныкталган. Ал унаанын айылдашы, 1990-жылы туулган Ш.А. аттуу жаран сурап айдап кеткенин билдирген.

Издөө иштеринин жүрүшүндө рулдагы адамдын сөөгү 25-май күнү Кемин шаарына жакын жерде, Чоң-Кемин дарыясынан табылган.

Бул факты боюнча тиешелүү экспертизалар дайындалып, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан