Бишкекте алдамчылыкка шектелген жаран кармалды

Бишкекте алдамчылыкка шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Ленин РИИБинен билдирди

Маалыматка ылайык, 18-мартта милицияга Б.Н. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Ал Б. аттуу жаран ишеничине кирип, "чогуу балык-чарба бизнес кылабыз" деген убадасы менен 25 миң 500 долларын алганын айткан. Бирок шектүү убадасына турган эмес.

Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесине (Алдамчылык) ылайык кылмыш иши козголгон.

Шектүү катары 1994-жылы туулган К.Б. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Учурда тергөө иштери уланууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан