Олимпиадалык резервдеги адистештирилген балдар-өспүрүмдөр спорт мектебинин тарбиялануучулары (СДЮШОР) теннис, паралимпиадалык жана спорттун күч түрү, пара-армрестлинг боюнча 21-Азия чемпионатында жеңишке жетишти. Бул тууралуу бүгүн, 27-майда Бишкек мэриясынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, мелдеш 20-майдан 23-майга чейин Ташкент шаарында өттү.
Турнирдин жыйынтыгы боюнча жеңүүчүлөр жана байге ээлери:
- 70 килограммга чейинки салмак категориясында:
Токтосун уулу Бекболсун – 1-орун (оң кол), 1-орун (сол кол);
- 60 килограммга чейинки салмак категориясында:
Рак Надежда – 1-орун (оң кол), 1-орун (сол кол);
- 60 килограммга чейинки салмак категориясында:
Камчыбек уулу Эрлан – 1-орун (оң кол), 2-орун (сол кол);
- 65 килограммга чейинки салмак категориясында:
Таалайбек уулу Эрдик – 2-орун (оң кол);
- +90 килограммга чейинки салмак категориясында:
Нурматов Евгений – 3-орун (оң кол), 2-орун (сол кол).