Бишкекте көп кабаттуу үйдө жарым жылаңач кыздарды дрон тартып жүргөнү аныкталды

Бишкектин Чуйков көчөсүндө жайгашкан көп кабаттуу үйлөрдөгү батирдин жашоочуларын дрон менен видео тарткан жаран кармалды. Бул тууралуу Биринчи май РИИБинен билдирди.

Маалыматка ылайык, 25-май күнү саат 00:13тө милицияга Бишкек шаарынын Чуйков көчөсүндө бир адам дрон менен батир жашоочуларын тартып жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Окуя болгон жерге барганда факты тастыкталып, жогоруда аталган көчөдө жайгашкан үйдүн бир катар жашоочулары милицияга арыз жазышкан. Алардын айтымында, шектүү өзүнүн унаасына отуруп алып, дрондун жардамы менен батирдеги жарым жылаңач аялдары видеого тартып алган.

Бул фактынын негизинде Кылмыш-жаза кодексинин 190-беренеси (Жекече жашоонун кол тийбестигин бузуу) боюнча кылмыш иши козголуп, 1989-жылы туулган С.Э. аттуу жаран милицияга жеткирилген.

"Сурактан кийин шектүү тергөөгө катышуу талабы менен бошотулган. Тергөөнүн жыйынтыгы менен юридикалык баа берилет", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан