Дүйшөмбү шаарында 19-25-май күндөрү CAFA U-15 Women’s Championship 2024 эл аралык турнири орун алып, ага кыргызстандык адистер калыстык кылышты. Бул тууралуу бүгүн, 27-майда Кыргыз футбол бирикмесинен билдиришти.
Маалым болгондой, оюнга Өзбекстан, Иран, Тажикстан, Кыргызстан курамалары катышышты.
Ага ылайык, аталган мелдешке кыргызстандык адистер – калыс Малика Кадырова, калыс жардамчысы Гаухар Мурзалиева жана оюндардын комиссары катары КФС адиси Торез Абаз дайындоо алышып, мелдештин бир катар беттештерин тейлешти.