Бишкекте өзгөчө ири өлчөмдө алдамчылыкка шектелген жарандар кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 27-майда шаардык милиция билдирди.
Маалыматка ылайык, 16-майда милицияга К.М. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Арыз ээсинин айтымында, Г. жана З. аттуу жарандар 16-апрель күнү анын ишенимине киришип, "Матросов көчөсүндөгү жер тилкесин сатып беребиз" деген убадасы менен 205 миң долларын алышкан. Бирок алар убадасын аткарбай, изин жашырып кетишкен.
Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин 4-бөлүгү (Өзгөчө ири өлчөмдөгү алдамчылык) ылайык кылмыш иши козголгон.
Шектүү катары 1989-жылы туулган Б.Г., 1973-жылы туулган Д.З. жана 1960-жылы туулган О.Н. аттуу жарандар кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилишкен. Алар мурда ушул сыяктуу кылмыш иштери боюнча бир нече жолу соттолгондор экени аныкталган.
Свердлов райондук соту шектүүлөргө карата тергөө аяктаганга чейин №1 Тергөө абак жайына камакка алуу чечимин чыгарган.
"Козголгон кылмыш ишинин алкагында милиция кызматкерлери айрым жагдайларды тактады. Шектүүлөр жер тилкеге жасалма ишеним кат жасап, арыз ээсине сатып жиберишкен", - деп айтылат маалыматта.
Учурда алардын ушул сыяктуу эки кылмышты жасоого катыштыгы бар экендиги аныкталды.