Өзгөндөгү каналдан аял кишинин сөөгү табылды

Өзгөн каналынан аял кишинин сөөгү табылды. Бул тууралуу бүгүн, 27-майда Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, ӨКМге Өзгөн шаарын бойлой өткөн каналда болжол менен 40-50 жаштагы аял кишинин (аты-жөнү такталууда) жансыз денеси жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

"Жерине 3 куткаруучу тартылып, аталган даректен сөөктү алып чыгышып, ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлерине өткөрүп беришкен", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан