"Түнкү клубдан кыз сабаган". Бишкекте сотко келбей качып жүргөн кыз кармалды

Бишкекте бейбаштык кылган деген шек менен 22 жаштагы кыз кармалды. Бул тууралуу Биринчи май райондук ички иштер бөлүмү кабарлады.

Милициянын маалыматына ылайык, 23-декабрь күнү милицияга А.И.Б. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Анда аталган күнү эртең мененки саат 05:00 чамасында Бишкек шаарынын Байтик баатыр көчөсүндө жайгашкан түнкү клубдардын биринде коомдук тартипти жана жалпы кабыл алынган жүрүм-турум нормаларын одоно бузуп, денесине залал келтирген белгисиз кыздарга карата чара көрүүнү суранган.

Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренеси (Бейбаштык) менен кылмыш иши козголгон.

Тергөөнүн жыйынтыгы менен 2002-жылы туулган Ч. А. аттуу айыпталуучунун кылмыш иши сотко маңызы боюнча кароого жөнөтүлгөн. Бирок сот отурумуна келбегендигине байланыштуу ага издөө жарыяланган.

Ыкчам издөө иш-чараларын жүргүзүүдө 2002-жылы туулган Ч.А.нын жүргөн жери аныкталган. Ал кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан