Баткенде уурулукка шектелип мурда соттолгон жаран кармалды

Кызыл-Кыяда телефон уурулукка шектелип мурда бир нече жолу соттолгон жаран кармалды. Бул тууралуу Баткен ОИИБинен билдирди.

Маалыматка ылайык, милицияга Баткен шаарынын жана Кызыл-Кыя шаарынын тургундары арыз менен кайрылышкан. Арыз ээлеринин айтымында, 22-май күнү Кызыл-Кыя шаарындагы "Таштемир ажы" базарынан Xiaomi Redmi Note 9 жана iPhone 13 Pro Max телефондорун уурдатышкан. Натыйжада бири 10 миң сомдук, ал эми экинчи жабырлануучу 65 миң сомдук зыян тартышкан.

Бул фактылар боюнча Кылмыш жаза кодексинин 205-беренесинин (Уурулук) негизинде каттоого алынып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

Шектүү катары Ноокат районунун 43 жаштагы К.И. аттуу тургуну Кызыл-Кыя шаарындагы базардан кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

"Тергөө иштеринин жүрүшүндө шектүү чөнтөк уурулук менен мурда бир нече жолу соттолгондугу аныкталды", - деп айтылат маалыматта.

Учурда тергөө иштери уланууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан