Ысык-Көлдө ооруканалардан телефон уурдаган шектүү кармалды

Ысык-Көлдө ооруканалардан телефон уурдаганга шектелип 26 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу облустук милиция билдирди.

Маалыматка ылайык, 20-майда милицияга 1995-жылы туулган жаран арыз менен кайрылган. Ал 18-майда саат 11:20 чамасында Каракол шаарында жайгашкан медициналык борборунун кабыл алуу бөлмөсүнөн Самсунг А34 үлгүсүндөгү телефонун уурдатканын айткан.

Ошондой эле арыз менен 18-майда Ак-Суу районунун 1981-жылы туулган жараны кайрылган. Анын айтымында, ошол эле күнү саат 08:30 чамасында Ысык-Көл облусттук оорукананын хирургия бөлүмүнүн палатасынан Редми 10 үлгүсүндөгү телефонун уурдаткан.

Аталган фактылар боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренесине (Уурулук) ылайык кылмыш иши козголгон.

Шектүү катары мурда ушундай эле кылмыш менен жоопко тартылган Жети-Өгүз районунун Тилекмат айылынын 1998-жылы туулган Т. у. А. аттуу тургуну кармалган.

"Ал аталган фактылар боюнча күнөөсүн толугу менен моюнуна алып, Каракол шаарынын сотунун чечиминин негизинде эки айга убактылуу кармоочу жайга киргизилди", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан