Бишкекте адам уурдоого шектелип издөөдө жүргөн жаран кармалды

Бишкекте адам уурдоого шектелип, издөөдө жүргөн жаран кармалды. Бул тууралуу Октябрь РИИБинен билдирди.

Маалыматка ылайык, былтыр 1-июлда милицияга Ч.А. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Арыз ээси былтыр 28-февралда И. аттуу жаран аны Бишкек шаарынын Совмин кичи районунан белгисиз тарапка алып барып, денесине залал келтирип, 370 миң сомун тартып алганын айткан.

Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 165-беренесине (Адам уурдоо) ылайык кылмыш иши козголгон.

Шектүү катары 1997-жылы туулган Ж.А. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Учурда тергөө уланууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан