УКМК Аксынын кримавторитетин кармады

Жалал-Абад облусунун Ак-Суу айылында Аксы районунун кримавторитети делген адам кармалды. Бул тууралуу УКМК кабарлады.

УКМКнын дарегине 1967-жылы туулган Аксы районунун Кербен шаарынын тургуну, өзүн криминалдык авторитет катары көрсөткөн, мурда бир нече жолу соттолгон (каракчылык жана опузалоо) К.Р. аттуу жаран, 2023-жылдын октябрында биргелешкен бизнес жүргүзүү шылтоосу менен ишкерлердин ишенимине кирип, алардын 150 миң доллардан ашык акча каражатын ээлеп алгандыгы боюнча ишкерлерден кайрылуулар келип түшкөн.

Ошол эле учурда аталган жаран өнөктөштөрдүн кенде көмүрдү биргелешип өндүрүү жана сатуу боюнча мурда кабыл алынган милдеттенмелерин эртерээк аткаруу өтүнүчүнө жооп кылып, физикалык күч колдонуу менен коркуткан.

"22-майда кылмыш ишинин алкагында К.Р. кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда кармалган жарандын Жалал-Абад облусунда ушул сыяктуу кылмыштарга катыштыгы аныкталып, иликтөө иштери жүрүп жатат", - деп билдиришти УКМКдан.

УКМК К.Р. тарабынан зомбулуктун курмандыгы болушу мүмкүн болгон адамдарды УКМКнын Жалал-Абад облусу боюнча башкы башкармалыгына жана 0995 012210 (WhatsApp) ишеним номурларына кайрылууга чакырат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан