Орусиянын президенти Владимир Путин Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев менен сүйлөшүүлөрдөн кийин Москва өзбек мигранттарына татыктуу иштөө шарттарын камсыз кылуу үчүн бардык аракеттерди көрүп жатканын билдирди.
"Орус бийлиги биз менен иштеген өзбекстандык жарандарга татыктуу эмгек шарттарын жана социалдык коргоону камсыз кылуу үчүн бардык зарыл нерселерди жасап жатат жана жасайт. Биз өзбек бийлиги менен миграциялык досьенин бардык актуалдуу маселелери боюнча өз ара аракеттенүүнү улантабыз", - деди Путин маалымат жыйынында.
Президент Орусияда Өзбекстандын 1 миллиондон ашык жараны жашап жана иштеп жатканын тактады. Алар курулуш, турак жай-коммуналдык чарба жана транспорт-логистика тармагын өнүктүрүүгө чоң салым кошуп жатканын белгиледи.
Владимир Путин Шавкат Мирзиёевдин чакыруусу менен 26-27-майда мамлекеттик сапар менен Өзбекстанда болду. Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында мамлекет башчылары биргелешкен билдирүү жасашты. Анда Орусия менен Өзбекстан чет элдик жумушчуларга татыктуу иштөө шарттарын камсыз кылуу үчүн эффективдүү механизмдердин зарылдыгын белгилешкен.