Жоламан Шаршенбековдун Олимпиададагы негизги атаандашына шашылыш операция жасалды

Молдовалык балбан Виктор Чобанунун бутуна бир жума мурун шашылыш оперция жасалып, учурда балбан калыбына келүү аракетин көрүүдө. Бул тууралуу Молдованын RealMedia басылмасы жазды.

Анын тизесине шашылыш операция жасалган. Учурда ал мүмкүн болушунча тезирээк сакайып кетем деген үмүт менен физиотерапияны баштады. Ал Олимпиада оюндарына катышууга болгон аракетин жумшап жатканын жашырган эмес.

Виктор Чобану кыргыз балбаны Жоламан Шаршенбековдун негизги атаандаштарынын бири. Ал Олимпиадага лицензияны Бакуда өткөн турнирде жеңип алган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан