Кытайдан Кыргызстанга мыйзамсыз кирген 3 миллион сомдук дөңгөлөктөр табылды (фото)

Торугарт көзөмөл-өткөрүү пункту аркылуу Кытайдан жүк ташуучу унаалардын дөңгөлөктөрүн мыйзамсыз ташып кирген факты аныкталды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди.

Маалыматка ылайык, Чүй облусунун аймагында Кытайдан аткезчилик жол менен алынып келинген жүк ташуучу унаанын дөңгөлөктөрүн сактап, кайра сатып келген кампалар аныкталган.

Мыйзамсыз жайларды атайын кызмат Нарын бажысынын кызматкерлеринин көмөгү менен тапкан. Жыйынтыгында жалпы наркы 3 миллион сомдон ашык жүк ташуучу унаалар үчүн дөңгөлөктөрдү мыйзамсыз ташып кирүү каналы аныкталган.

"Соода-өнөр жай палатасынын эсебинин жыйынтыгы боюнча аталган схеманын натыйжасында өлкөнүн бюджетине 2 миллион сомдон ашык материалдык зыян келтирилген", - деп айтылат маалыматта.

УКМК учурда бул схемага тиешеси бар башка адамдарды аныктоо иштери жүрүп жатканын кошумчалады.

28.05.24
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан