Өзбекстанга мыйзамсыз баңгизат ташууну уюштурган шектүү кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, Кыргызстандан Өзбекстанга баңгизат киргизүү менен алектенген уюшкан топтун мүчөлөрүн кармоо боюнча жүргүзүлгөн иштердин алкагында, аткезчилик каналды уюштурган жаран аныкталган.
Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренесине (Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо) ылайык кылмыш иши козголгон.
Шектүү катары мурда соттолгон, кылмыш чөйрөсүндө Жапайы деген каймана аты менен белгилүү 1978-жылы туулган Ж.А. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
"Операциянын жүрүшүндө 16 107 килограмм гашиш баңгизаты алынып, кылмыш иши боюнча тергөө иштери улантылууда", - деп айтылат маалыматта.