“6 кылмыш иши, 384 миң сом айып пул”. Ошто чет элдиктерге рейд өттү

Ош облусунун милициясы коопсуздук чараларын күчөтүү, ар кандай чагымчыл аракеттерге бөгөт коюу максатында 19-майдан баштап “Нелегал” аталышындагы ыкчам алдын алуу иш-чарасын өткөрдү. Бул маалыматты бүгүн, 28-майда Ош ОИИБинин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалымдалгандай, облус аймагында көбүнчө Өзбекстан, Кытай, Орусия, Пакистан, Индия жана Бангладеш өлкөлөрүнүн жарандары иштеп, окушат жана ишмердүүлүктөрүн жүргүзүшөт.

Жүргүзүлгөн ыкчам алдын алуу иш-чараларынын натыйжасында мамлекеттик чек араны мыйзамсыз бузуп өтүү бир, экстремизм жана улуттар аралык кастыкты козутуу боюнча үч, издөөгө алынгандарды кармоодо эки жана башка эки кылмыш аныкталды.

Мыйзам бузган чет элдиктерге карата 68 административдик протоколдор толтурулуп, 384 миң сом айып салынды”, - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан