Чүйдө баңгизат сатууга шектелип чет элдик жаран кармалды

Бүгүн, 28-майда Аламүдүн районунун Восток айылынын аймагында катылган 29 даана, жалпы салмагы 242 грамм баңгизаты табылып, анын ээси кармалды. Бул туурасында Чүй ОИИБинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалымдалгандай, болжол менен 25-30 жаштардагы азиат улутундагы жаран район аймагында баңгизатын сатып жүргөндүгү тууралуу маалымат келип түшкөн.

“Ыкчам издөө жана атайын иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө шектүү катары 1999-жылы туулган У.Б. аттуу чет элдик жаран кармалган. Ал Телеграмм каналдар аркылуу баңгизатына буйрутма алып, аны катуу (закладка) жолу менен таратып жүргөндүгү аныкталган. Учурда кармалган жарандын Чүй облусунун аймагында жана Бишкек шаарында ушул сыяктуу кылмыштарга тиешеси бар же жоктугу такталып, тергөө иштери уланууда”, - деп маалымдаган милиция.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан