Ош облусунун тургунунан опузалап акча талап кылган Ноокат РИИБинин тергөөчүсү кармалды. Бул тууралуу УКМК кабарлады.
Тактап айтканда, Ноокат РИИБинин тергөөчүсү, 1998-жылы туулган Т.У. аттуу милициянын улук лейтенанты тергөөгө чейинки текшерүү материалдарынын негизинде кылмыш ишин козгоодон баш тартуу жөнүндө арыз ээсине каршы чечим чыгарганы үчүн 30 миң сом өлчөмүндө пара талап кылгандыгы аныкталган.
"25-майда көрүлгөн чаралардын натыйжасында аталган тергөөчү иш бөлмөсүнөн 10 миң сом өлчөмүндөгү акча каражатын алып, тийиштүү далилдерди жок кылууга аракет кылып жаткан учурда кармалды. Бөлмөнү тинтүү учурунда көрсөтүлгөн акча каражаттары табылды. Жүргүзүлгөн иш-чаралардын алкагында кармалган адам эсин жоготкондуктан окуя болгон жерге "Тез жардам" кызматы чакырылып, ал Ноокат райондук ооруканасына жаткырылды, учурда абалы туруктуу. Медициналык текшерүүнүн жана дарылоонун жыйынтыгы менен аны тергөө абагына камоо маселеси каралат", - деп билдиришти УКМКдан.
Учурда тергөө иштери уланып, аталган кылмышка башка кызматкерлердин катыштыгы аныкталууда.
Белгилей кетсек, үстүбүздөгү жылдын 28-мартында УКМК тарабынан Ош облусунун Ноокат райондук ички иштер бөлүмүнүн тергөөчүсү, милициянын капитаны Т.К. да 40 миң сом өлчөмүндө пара алуу учурунда кармалган. Бул иш боюнча тергөө иштери аяктап, сот органдары тарабынан каралып жатат.