Нарындын төрт тургуну баңги каражаттарын таратууга шектелип кармалды

Нарын облусунун аймагында баңги каражаттарды таратууга катышы бар деген шек менен төрт жаран кармалды. Бул боюнча УКМК кабарлап, шектүүлөр 2 айга камакка алынганын билдирди.

Такталгандай, 24-майда Нарын облусунун К.Т., А.Б., Ж.А. жана А.Д. аттуу тургундарынын үйлөрүндө тинтүү иштери жүргүзүлүп, «жапайы кара куурай» түрүндөгү баңгизаты ири өлчөмдө табылып алынды.

"Алар Жумгалдан жана Ысык-Көлдөн Нарындын аймагына сатуу максатында жапайы кара куурай жана гашиш баңгизатын алып келүү менен тынымсыз алектенип келишкени аныкталды", - деп жазылат маалыматта.

Шектүүлөр Нарын шаардык сотунун 26-майдагы чечими менен эки айлык мөөнөткө камакка алынды. Учурда ушул сыяктуу фактыларды жана бардык тиешеси бар адамдарды аныктоо боюнча кошумча тергөө жүргүзүлүүдө.

Белгилей кетсек, аталган иштер УКМК тарабынан Кылмыш–жаза кодексинин 282-беренеси (Ири өлчөмдө баңгизат каражаттарын сатуу максатында мыйзамсыз даярдоо, сактоо, ташуу) боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында жүргүзүлгөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан