2008-жылдан бери унаанын акчасын бербей качып жүргөн адам кармалды

2008-жылдын октябрь айында Базар-Коргон районунун М.Ж. аттуу тургуну Алмазбек Молдодосовдун ишенимине кирип БМВ 745 үлгүсүндөгү унаасын 38 миң АКШ долларына саткан. Бирок ал ушул күнгө чейин унаанын акчасын бербей жүргөн. Бул туурасында Жалал-Абад облустук ИИББинин басма сөз кызматы бүгүн, 23-декабрда билдирди.

Маалыматка караганда, бул факты боюнча КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 166-беренеси (алдамчылык) боюнча кылмыш иши козголуп, издөө жарыяланган.  

Жалал-Абад облустук ИИББинин Кылмыш иликтөө бөлүмүнүн милиция кызматкерлери 2013-жылдын 2-декабрь күнү кылмышка шектүү Алмазбек Молдодосовду Бишкек шаарындагы Көк-Жар жаңы конушунан кармашкан. Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.    

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
mirbakg
2013-12-23 15:54:54
6_7 мин доллар болсода ишенип берсе болот 38мин долларды Кандай ишенип берди болду экен??
0
kanybek_kg
2013-12-23 22:16:55
Ха ха дагын эле М.Ж б.к т.а, деп эле жазабербей толук жазгыдачы же жазбай эле койгула
0
admin_superstan
2013-12-24 09:25:03
kanybek_kg, кабар ИИМдин пресс кызматынын берген маалыматы боюнча жазылган.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан