
Монголияда өзгөчө оор кылмыш жасаганы үчүн издөөдө жүргөн жаран Бишкектен кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги билдирди.
Андагы маалыматка ылайык, 26-май күнү ИИМдин Маалыматтык технологиялар башкы башкармалыгынын жана милициянын кайгуул кызматы башкармалыгынын кызматкерлери санариптик технологиялар тутумунун жардамы менен Монголиянын Интерполу тарабынан өзгөчө оор кылмыш жасагандыгы (жашы жете элек кызды зордуктоо) үчүн издөөдө жүргөн жаран 1982-жылы туулган Б.Э.ни Бишкек шаарынан кармашкан.
Азыркы учурда аны өлкөсүнө экстрадициялоо маселелери чечилүүдө.