Алдамчылыкка шектелип издөөгө алынган жаран Монголиядан кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, 28-майда ИИМдин Интерпол кызматы Казакстандын жана Монголиянын Интерполу менен биргеликте Улан-Батор шаарынан 1981-жылы туулган С.Б. аттуу жаранды кармашкан. Ал алдамчылыкка шектелип издөөгө алынган.
Тактап айтканда, шектүү жабырлануучунун ишенимине кирип, электрондук акча каражаттарын сатып алууда пайдалуу курсту убадалап, 100 миң долларын алдап кеткен.
"Шектүү 2023-жылы Польшадан экстрадицияланган, бирок кылмыш жоопкерчилигинен кутулуп кетүүгө үлгүргөн. Ал фамилиясын өзгөртүп, өлкөдөн чыгып кеткен", - деп айтылат маалыматта.
Шектүүнү колго түшүрүү издөөдө жүргөндөрдүн маалыматтарын өз убагында алууга мүмкүндүк берген API/PNR тутумунун жардамы менен ишке ашкан.
ИИМ учурда кармалган жаранды өлкөгө экстрадициялоо маселеси каралып жатканын кошумчалады.