Ноокатта 41 гектар жер тилкеси мамлекетке кайтарылды

Ошто 452 миллион 100 миң сомго бааланган 41 гектар жер тилкеси мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу бүгүн, 29-майда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди.

Маалыматка ылайык, атайын кызмат жер тилкелерин мыйзамсыз берүү фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында Ош облусунун Ноокат районуна караштуу Жаңы-Ноокат айыл аймагындагы 2243 жана 486-контурларда жайгашкан 41 гектар жер тилкеси мамлекеттин балансына кайтарган.

Тактап айтканда, иликтөөнүн жүрүшүндө Ноокат райондук мамлекеттик администрациясынын 2000-жылдын 26-июнундагы №882 жана 2014-жылдын 30-декабрындагы №68 токтомдорунун негизинде айрым кызмат адамдары тарабынан тиешелүү трансформациялоо иштери жүргүзүлбөстөн, жергиликтүү калкка жеке турак жай куруу үчүн жалпы аянты 41 гектар жер тилкеси мыйзамсыз берилгени аныкталган.

"Жер кодексинин 1-беренесинин 14-бөлүгүнө ылайык, сугат айдоо жерлери, анын ичинде көп жылдык өсүмдүктөр өстүрүлгөн баалуу айыл чарба жерлери, кайрак жерлер, маданий жайыттар, чабындылар өзгөчө баалуу жерлердин категориясына кирет. Ал эми ушул кодекстин 20-беренесинин 12-бөлүгүнө ылайык, өкмөтүн чечими менен гана жерди башка категорияларга которууга тийиш. Мындан тышкары Жер кодексинин 12-беренесинин 3-бөлүгүнө (1999-жылдын 2-июнундагы редакциясына) ылайык, жер участогун максаттуу багытынан тышкары башкача пайдаланууга жол берилбейт.

Козголгон кылмыш ишинин алкагында, айыл чарба багытындагы жерлерди жеке турак жай куруу үчүн мыйзамсыз берүү фактысы далилденип, ага байланыштуу УКМК тарабынан Ноокат районунун прокуратурасы менен биргеликте чара көрүлдү. Натыйжада мамлекетке келтирилген материалдык чыгым 452 милион 100 миң сом деп эсептелинип, жогорудагы жер тилкеси Жаңы-Ноокат айыл аймагынын балансына кайтарылды", - деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле козголгон кылмыш иши боюнча мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бир катар кызмат адамдары кылмыш жоопкерчилигине тартылып, айрым кызмат адамдары УКМКнын тергөө абагына камакка алынган.

29.05.24
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан