Бишкектин четинде Lexus'тун айдоочусу бир адамды өлтүрө сүзүп, качып кеткен. Шектүү кармалды

Бишкектин четинде жөө жүргүнчүнү сүзүп, качып кеткен айдоочу кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 30-майда Чүй облустук Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришти.

Андагы маалыматка ылайык, кечээ, 29-май күнү болжол менен саат 21:50 чамасында Бишкек-Кордай унаа жолунун 9-чакырымында белгисиз айдоочу унаасы менен түндүктөн түштүккө карай бара жатып жолдон өтүп бара жаткан жөө жүргүнчүнү сүзүп, окуя болгон жерден изин жашырып, качып кеткен.

Жол кырсыгынан 1974-жылы туулган Б.С. аттуу жөө жүргүнчү окуя болгон жерден көз жумган.

Бул факты боюнча жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматкерлери тарабынан ыкчам издөө иш-чаралары жүргүзүлүп, кылмыш изи сууй электе кылмышка шектүү катары 1994-жылы туулган М.Ш. аттуу айдоочу кармалып, тергөө кызматына өткөрүлүп берилген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан