Бишкекте социалдык тармактагы баракчасына адамды көздөй ок чыгаргандагы видеосун жүктөгөн блогер кармалып, милицияга жеткирилди. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгы билдирди.
Милициянын маалыматына ылайык, Инстаграм социалдык тармагында катталуучуларынын саны 300 миңден ашкан блогерлердин бири “Ойдогудай болгон жок” деген кыска диалогдон кийин белгисиз адамды көздөй куралды такап, ок чыгарган видеосун жүктөгөн.
Аталган факт Бишкек шаарынын ички иштер башкы башкармалыгынын электрондук маалымат журналына катталып, тергөө иштери башталган.
Ыкчам издөө иш-чараларынын жыйынтыгында 2004-жылы туулган М.М. аттуу жарандын өздүгү аныкталып, тапанчасы табылып, алынган.
Учурда ал Бишкек ШИИББдин тергөө кызматына жеткирилип, юридикалык баа берүү үчүн тиешелүү экспертизалар дайындалды.