Алдамчылык фактысы боюнча “П.” жактоочулар коллегиясынын мүчөсү кармалды. Бул тууралуу УКМК кабарлады.
УКМКнын маалыматына ылайык, “П.” адвокаттар коллегиясынын мүчөсү Э.Д. тарабынан жабырлануучуга юридикалык жардам көрсөтүүдө ыйгарым укуктарынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы аныкталган.
"Аталган жактоочу юридикалык жардам көрсөтүүдө өзүнүн жактоочулук ыйгарым укуктарынын чегинен чыгып, маселени коррупциялык жол менен чечүү шылтоосунда («пара» берүү менен) жабырлануучудан кылмыш ишин тергеп жаткан укук коргоо органынын кызмат адамдарына жана соттун мыйзамсыз чечимине карата 200 миң доллардан ашык акча алган. Э.Д. ири суммадагы акча каражатын алганына карабастан, жабырлануучу Кылмыш-жаза кодексинин 242-беренесинин 2-бөлүгүндө каралган кылмышка күнөөлүү деп табылган", - деп билдиришти УКМКдан.
Буга байланыштуу өз милдеттенмелерин аткарбаганы үчүн, анын ичинде мыйзамсыз акча каражаттарынын бир бөлүгүн кайтарып берүүнү көздөгөн Э.Д.га карата чара көрүү өтүнүчү менен жабырлануучу УКМКга кайрылган. Жогорудагы факты боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында 5 миң АКШ долларын (4 миң доллар жана 88 миң сом) кайтарып берип жаткан учурда жактоочу Э.Д. кармалган.
Ал Бишкек ШИИББинин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.