Бажы кызматы Баткенде 163 миң сомдон ашык товарды мыйзамсыз алып кирүүгө бөгөт койду.
Ага ылайык, Кадамжайдагы "Кайтпас" өткөрүү пунктунда Өзбек жаранынын башкаруусундагы Chevrolet Cobalt үлгүсүндөгү унаа токтотулуп текшерилген. Анда Өзбекстандан өндүрүлгөн жалпы салмагы 238 килограммды түзгөн кийимдер аныкталган.
Жүк ташып келүүнүн мыйзамдуулугун тастыктаган эч кандай жүк коштоочу документтери болгон эмес. Товардын орточо базар баасы 163 миң 410 сомду түздү.
Аталган факты боюнча чогултулган материалдар Баткен облусунун прокуратурасына өткөрүлүп берилди.