Орусиянын Саха Республикасынын Якутск шаарында мас адам үйүндөгү балкондон чыга калып эле көчөдөгү унааларга ок чыгарды. Бул тууралуу SHOT Телеграм каналы жазды.
Маалыматка ылайык, ал колундагы мылтыгы менен Лермонтов көчөсүндөгү батиринин балконуна чыгып, токтоп турган унааларга 10го жакын ок чыгарган. Ошол маалда бөлмөдө эки баласы болгон
Кийинчерээк 40 жаштагы киши көп күндөн бери ичимдик ичип жүргөнү аныкталган.
Окуя болгон жерге полиция кызматкерлери барышкан. Алар жакын жердеги короолорду жана үйлөрдү курчоого алып, андан соң мас кишини кармашкан. "Тез жардам" бригадасы ага алкоголдук психоз деген диагноз коюшкан.
Окуя болгон жерде ыкчам тергөө тобу иштеп жатат. Алдын ала маалыматтар боюнча, жабыркагандар жок.