Нарында кен казуучу компаниянын курулуш шаймандарын уурдоого шектүү кармалды

Нарында кен казуучу компаниянын курулуш шаймандарын уурдап кеткенге шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу Нарын облустук ички иштер башкармалыгы кабарлады.
Андагы маалыматка ылайык, Нарын райондук ички иштер бөлүмүнө 14-май күнү кечинде Солтон-Сары тилкесиндеги кен казуучу компаниянын курулуш шаймандары уурдалганы маалымдалган.
Бул факты Нарын РИИБине катталып, көрүлгөн чаралардын натыйжасында жогорудагы кылмыш ишин жасоого шектүү катары Нарын районунун тургуну 1978-жылы туулган У.Ж. кармалып, тергөө кызматына өткөрүлүп берилди.
Шектүүнүн айтымында, уурдалган курулуш шаймандар жолдун жээгине катылган.
Учурда бул факты боюнча топтолгон материалдардын негизинде Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси (Уурдоо) менен кылмыш иши козголуп, иликтөө иштери жүрүп жатат.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан