Чолпон-Атада айдоочулардан опузалап акча талап кылган жаран кармалды

Чолпон-Ата шаарында опузалап акча талап кылган жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 31-майда Ички иштер министрлигинен билдирди.

Маалыматка ылайык, милицияга Ысык-Көл облусунда жарандардан акча талап кылып, мыйзамсыз акча чогултуп жүргөн айрым адамдар тууралуу билдирүү келип түшкөн. Маалымат текшерилип, анын жүрүшүндө кичи автобус айдаган жаран арыз менен кайрылып, Чолпон-Ата–Бишкек каттамы боюнча иштөө мүмкүнчүлүгү үчүн 3500 доллар акча талап кылган Т. аттуу жигитке чара көрүүнү суранган.

Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренеси (Опузалап талап кылуу) менен кылмыш иши козголгон.

Ыкчам тергөө иш-чараларынын алкагында, Чолпон-Ата шаарында 1981-жылы туулган Ш.Т. аттуу жаран 310 миң сом акча каражатын алып жаткан жеринен кармалып, убактылуу кармоо жайга киргизилген.

Соттун чечими менен кармалган жаран бир айга камакка алынды. Учурда тергөө иштери уланууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан