Чолпон-Атада издөөдө жүргөн уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдирди.
Маалыматка ылайык, кечээ, 30-майда милиция кызматкерлери А.Т. аттуу уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсүн Чолпон-Ата шаарынан кармашкан. Ал өзүнүн кылмыштуу өнөктөштөрү менен бирге Бостери айылынын тургунунун жер тилкесин башка адамга өткөрүп бер деп опузалоого шектелип, былтыртан бери издөөдө жүргөн.
"Оор кылмышка шектүү 1994-жылы туулган А.Т. аттуу жаран тергөө органдарынан качып, 2023-жылдын декабрынан бери издөөдө жүргөн. Азыр ал камакка алынды", - деп айтылат маалыматта.
ИИМ кармалган жаран Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун активдүү мүчөсү катары каттоодо турганын кошумчалады.