Жалал-Абадда жол курууга бөлүнгөн акча каражатын кымырган кызмат адамдарына кылмыш иши козголду

Жалал-Абад областынын Чаткал районунун прокуратурасы тарабынан “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” мыйзамдын талаптарынын аткарылышы боюнча текшерүү жүргүзүлдү. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Маалымдалгандай, анда 2022-жылы Сумсар айыл өкмөтүнүн Чаткал райондук өнүктүрүү фондунун жана “Ч.” ЖЧКсынын кызмат адамдары өз кызмат абалынан пайдаланышкан.

"Анда аталган айыл өкмөтүнүн аймагындагы Мончок-Дөбө айылынын Сумсар-Шекафтар унаа жолунун 3 чакырым аралыгына асфальт төшөө долбоорун ишке ашырууда аткарылган жумуштардын көлөмүн негизсиз көбөйтүшүп, мамлекетке 1 миллион сомдон ашык ири өлчөмдө материалдык зыян келтирилгендиги аныкталган", - деп айтылат маалыматта.

Аталган факты боюнча Чаткал районунун прокуратурасы тарабынан Кышмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин негизинде кылмыш иши козголгон. Тергөө амалдарын Чаткал РИИБинин тергөө кызматы жүргүзөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан